Биз менен байланышыңыз

Айдарбеков Кемпир-Абад боюнча комитеттин чечими тууралуу түшүндүрмө берди

Кыска кабар | 17 Окт 2022 | 666 | 0

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети кыргыз-өзбек чек арасы, анын ичинде Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча эки тараптуу келишимдин долбоору боюнча комитеттин чечими жок. Комитеттин төрагасы Чыңгыз Айдарбеков бүгүн журналистерге маалымат берип, анда комитетте добуш берилген чечимге кол койбой жатканын билдирди. Себеби ал кол коюлушу керек болуп жаткан келишимдин долбоору менен таанышкан эмес. Депутаттарга тиешелүү документтерди алып келип көрсөтүшкөн эмес.

Айдарбеков кошумчалагандай, аталган маселе алдыда Жогорку Кеңештин 19-октябрдагы жыйынында каралат.

Буга чейин 15-октябрда Өзгөндө өткөн элдик курултайда депутат Адахан Мадумаров Чыңгыз Айдарбеков келишимдин долбоорун жактырган комитеттин чечимине кол койбой жатканыдыгы үчүн аны комитеттин төрагалыгынан кетирүүгө аракеттер болуп жатканын билдирген.

Мадумаровдун айтымында, Кемпир-Абад боюнча комитеттин чечими жок. Комитеттин чечими болгондо да ал мыйзамсыз. Комитеттин төрагасынын орун басары дагы кол койгон эмес.

10-октябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети кыргыз-өзбек чек арасы, анын ичинде Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча эки тараптуу келишимдин долбоорун колдогон. Комитеттеги алты депутат макулдугун берип, төртөө каршы добуш берген.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев 10-октябрда парламентте жабык жыйында билдиргендей, түзүлгөн макулдашуунун долбоору боюнча Кемпир-Абад суу сактагычынын алдындагы 4 485 гектар жерди Өзбекстанга берип, анын ордуна кенемте катары 18 миң гектар жер алуу пландалууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM