Биз менен байланышыңыз

Иран: Түрмөдө мушташ чыгып, жаза өтөп жаткандар өрт коюп жиберишкен (видео)

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Окт 2022 | 518 | 0

Ирандын борбору Тегерандагы «Эвин» түрмөсү өрттөнүп, сегиз адам жаракат алды. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар социалдык тармактарга видео жарыялашкан.

Окуя кечээ болгон. Жергиликтүү басылмалар Ирандагы козголоң эми абактарга да жеткенин жазышууда. Күбөлөр түрмөдө атылган октун үнү да угулуп турганын айтышты.

Ал эми Ислам Республикасы маалымат агенттиги (ИРНА) бүгүн, 16-октябрда өрт толугу менен өчүрүлгөнүн, окуянын Иранда болуп жаткан башаламандыктарга эч кандай тиешеси жок экенин билдирди.

Алынган маалыматка караганда, жазасын өтөп жаткандардын ортосунда мушташ чыгып, аягы атышууга чейин жеткен. Чыр-чатак учурунда белгисиз бирөөлөр кийим сакталган базага өрт коюп жиберишкен.

Ирандын «Эвин» абагында саясатка байланыштуу кармалган жарандык активисттер, журналисттер, ошондой эле кош жарандыгы барлар, чет элдиктер жазасын өтөйт. ИРНА агенттиги мушташ жана өрт оор кылмышка кесилгендер жаткан бөлүмдөн чыкканын, ал саясий туткундар жаткан бөлүмдөн кыйла алыс экенин жазды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM