Биз менен байланышыңыз

Роза Отунбаева «Талибан» өкмөтүнүн тышкы иштер министри менен кездешти

Кыска кабар | 16 Окт 2022 | 1249 | 0

Кыргызстандын экс-президенти, учурдагы БУУнун Ооганстандагы өкүлү Роза Отунбаева «Талибан» өкмөтүнүн тышкы иштер министри Амир Хан Муттаки менен кездешти. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун Ооганстандагы өкүлчүлүгү (UNAMA) «Твиттер» баракчасына жазды.

Жолугушууда алар ишенимди бекемдөө, банк системасы, кыздардын да билим алуусу сыяктуу темаларды талкуулашкан. Тараптар ич ара пикир келишпестиктер бар экенин моюндашып, бирок жалпы Ооганстан мамлекетинин кызыкчылыгы үчүн эл аралык уюмдар менен кызматташуу боюнча макулдашкан.

Айта кетсек, экс-президент Роза Отунбаева БУУнун Ооганстан боюнча өкүлү болуп, 3-сентябрда дайындалган. Анын Ооганстандын учурдагы бийлигинин өкүлдөрү менен алгачкы ирет кездешип жатканы айтылат маалыматта.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM