Биз менен байланышыңыз

Ошто ВИЧти текшерген тестти акысыз берген аппараттар коюлат

Кыска кабар | 16 Окт 2022 | 221 | 0

Ушул жылы Ош шаарында ВИЧти шилекей аркылуу аныктоочу тестти акысыз берген тестоматтар коюлат. Бул тууралуу атайын өткөрүлгөн тегерек столдо айтылганын мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Жыйында жыл ичинде жасалган иштер, программанын ишке ашырылышы тууралуу маалымат берилип, шаардагы ВИЧ жуктургандардын жалпы статистикасы айтылган. Белгилүү болгондой, 1-октябрга карата ВИЧ жуктуруп алган 1276 шаар тургуну (874 эркек, 402 аял) катталган. ВИЧке чалдыккандардын басымдуу көпчүлүгү 29-39 жаш арасындагылар болууда.

ВИЧти текшерген тестти акысыз берген тестоматтар алгач пилоттук долбоор катары коомдук дарыканаларга коюлуп, акырындан аэропортко жана белгилүү жайларга да орнотулат. Ошондой эле мигранттарга ВИЧтен сактануу, текшерүүдөн өтүп туруу боюнча маалымат берген кампаниялар күчөтүлгөн режимде иштөөгө өтөт.

Иш-чаранын жүрүшүндө шаарга келип жаткан Орусия жарандарын жана мигранттарды милдеттүү медициналык кароодон өткөрүүнү жөнгө салуу маселелери да козголгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM