Биз менен байланышыңыз

Баткенде 422 турак үй толук тазаланды

Кыска кабар | 15 Окт 2022 | 222 | 0

Баткен облусунун аймактарында 14-октябрга карата 422 турак жай толугу менен тазаланып, анын ичинен 64 турак үйдүн дубалдары бузулган жок, 66 турак үйдүн фундаменти калган. 1 турак үй чек-ара тилкесинде болгондуктан тазаланган эмес. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Жалпы жумуштун көлөмү 112 587 м3ду түзүп, курулуш таштандыларын чыгарышкан. Баткен районунда 322, Лейлек району боюнча 101 турак үй жараксыз болуп, тазаланган.

Тажик тараптын кол салуусунан, жалпы 661 турак үй жараксыз деп табылган. Анын ичинен 423 турак үй жашоого жараксыз абалга келип, 238 турак үй ондоп түзөөгө муктаж. 11 административдик, стратегиялык, 27 социалдык объект, 335 сарай жабыркаган. 197 жашоо тиричилик камсыздоочу объект, 61 унаа жана унаа өтүүчү 1 көпүрө жабыркаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM