Биз менен байланышыңыз

Өлкө мамрезервди өзү өндүргөн буудай менен толуктоого ниеттенүүдө

Кыска кабар | 15 Окт 2022 | 245 | 0

Мамлекет запасын өзү өндүргөн буудай менен толуктоого ниеттенүүдө. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Чүй облусунда өткөн көчмө жыйында билдирди.

Бакыт Төрөбаев белгилегендей, эгерде мурда Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна буудай Орусиядан сатылып алынса, азыр абал өзгөрүшү керек.

«Пилоттук долбоордун алкагында импорттук буудайды сатып алууга бөлүнгөн каражаттарды өздүк потенциалды чыңдоого багыттоо пландаштырылууда. Дыйкандарга таптакыр жаңы структура сунушталууда, ага ылайык, дан импортунан көз карандылыкты жоюу иретинде азык-түлүк буудайынын керектүү көлөмүн өстүрүү милдети турат», — деди Төрөбаев.

Ал белгилегендей, расмий маалыматтар боюнча Мамлекеттик материалдык резервдер фондун толтуруусу үчүн жыл сайын 100 миң тоннага жакын буудай импорттолот.

Аймактарда 40 миң гектар айдоо аянты эксперименталдык негизде аныкталып, пилоттук долбоордо пайдаланылат. Өз кезегинде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Мамлекеттик материалдык резервдер фонду дыйкандарды үрөн, жер семирткич жана керектүү көлөмдөгү күйүүчү май менен камсыз кылууга тийиш.

Кийинки этаптын алкагында Айыл чарба министрлиги жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду Ун өндүрүүчүлөр бирикмеси менен биргеликте кылкандуу дан эгиндерин сатып алуу боюнча деталдуу талдоо жүргүзөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM