Connect with us

Бүгүн кыргыз-казак дипломатиялык мамилелеринин түзүлгөнүнө 30 жыл толду

Кыска кабар | 15 Окт 2022 | 245 | 0

Бүгүн, 15-октябрда Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнүн 30 жылдыгы белгиленет.

ТИМден билдиришкендей, бул юбилейлик датага карата Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Казакстандын тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди өз ара куттуктоо каттары менен алмашты.

Жээнбек Кулубаев Кыргызстан менен Казакстандын тышкы саясий ведомстволорунун жакшы координацияланган жана конструктивдүү иши өз ара кызыгууну жараткан бардык чөйрөлөрдө эки тараптуу кызматташтыктын мындан ары кеңейишине жана динамикалуу өнүгүшүнө өбөлгө түзөрүнө ишеним артканы маалымдалат.

Мухтар Тлеуберди эки өлкөнүн ортосундагы ишенимге жана өз ара түшүнүшүүгө негизделген союздаштык жана боордоштук мамилелер Кыргызстан менен Казакстандын элдеринин кызыкчылыгында мындан ары да өнүгө берерине ишенимин билдирет.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM