Connect with us

Бишкек – Ош жолунда кышкы дөңгөлөксүз унааларга жүргүнчү ташууга тыюу салынды

Кыска кабар | 15 Окт 2022 | 467 | 0

Бүгүн, 15-октябрдан 2023-жылдын 1-майына чейин Бишкек – Ош унаа жолунда жүргүнчүлөрдү бардык дөңгөлөктүү механизми бар автобустардан тышкары автобустар, кичи автобустар, минивэндер менен ташууга тыюу салынат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы маалымдады.

Маалыматка ылайык, тыюу салуу жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жана оор кесепеттерге алып келген жол-транспорт кырсыктарын болтурбоо максатында жүргүзүлүүдө.

«Чүй облусунун Жайыл районунун Сосоновка айылындагы жана Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы стационардык посттордо жүргүнчүлөрдү автобустардан тышкары автобустар, кичи автобустар жана кышкы мезгилге ылайыктуу дөңгөлөктөр менен жабдылбаган минивэндер менен ташуу фактыларынын алдын алуу иштери күчөтүлөт», — деп айтылат маалыматта.

Буга байланыштуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы кышкы мезгилге ылайыктуу дөңгөлөктөр менен жабдылбаган унаалардын айдоочуларын Төө-Ашуу, Ала-Бел жана Өтмөк ашуулары аркылуу алыскы сапарга чыгуудан алыс болууга чакырат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM