Connect with us

Президент Садыр Жапаров Бишкекке кайтып келди

Кыска кабар | 15 Окт 2022 | 199 | 0

Президенти Садыр Жапаровдун Казакстанга болгон 12-14-октябрдагы иш сапары аяктап, Бишкекке кайтып келди.

Иш сапарынын алкагында 13-октябрда Мамлекет башчысы Астанада Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешмеге мүчө мамлекеттердин VI саммитине катышты.

Садыр Жапаров өз сөзүндө Кыргызстан цивилизациялар аралык диалогго жана Азия чөлкөмүндөгү мамлекеттердин ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү бекемдөөгө өбөлгө боло турган регионалдык кызматташтыкты кеңейтүү боюнча күч-аракеттерди кубаттай турганын белгиледи.

Ушул эле күнү Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун, Орусиянын президенти Владимир Путиндин жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун үч тараптуу жолугушуусу болуп, анда мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги актуалдуу маселелер талкууланды.

14-октябрда Астананын Конгресс борборунда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекет башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү. Анда президент Садыр Жапаров 2023-жылы Кыргызстандын КМШга төрагалык кылуусунун артыкчылыктуу милдеттерин билдирди.

Кыргызстандын сунушу менен КМШнын мамлекет башчыларынын кезектеги жыйынын 2023-жылдын 13-октябрында Бишкек шаарында өткөрүү чечими кабыл алынды.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM