Биз менен байланышыңыз

Фотокапканга түшкөн Чүйдүн тоолорундагы жапайы жаныбарлар (сүрөт)

Блог , Кыска кабар | 14 Окт 2022 | 1192 | 0

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Чүйдүн тоолуу аймактарындагы фотокапканга түшүп калган жапайы жаныбарлардын сүрөтүн жарыялады.

Маалыматка караганда, быйыл июнь айында Чүй облусунун Жайыл, Панфилов, Москва райондорунун аймагында деңиз деңгээлинен 4000 метр бийиктикте 31 фотокапкан орнотулган.

Камералар «Илбирс» коомдук фонду тарабынан министрлик менен биргеликте ак илбирстин түрүнүн популяциясын мониторинг кылуу жана ал азыктануучу жандыктарды күзөтүү үчүн ЮНЕП программасынын «Жоголуп бараткан байлыктар» долбоорунун алкагында орнотулган.

Ошентип, илбирс, сүлөөсүн, суур, аркар, бүркүт, каман, жарганат, чөө жана башка жапайы жаныбарлар фотокапканга түшүп калышкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM