Биз менен байланышыңыз

Муфтият жоолук маселеси боюнча депутаттардын пикирине жооп берди

Кыска кабар | 14 Окт 2022 | 446 | 0

Жогорку Кеңештин айрым депутаттарынын жоолук маселеси боюнча айткан пикири Конституцияда кепилденген дин тутуу эркиндигине каршы келет жана коомду туруксуздаштырууга алып келиши мүмкүн.

Бул тууралуу Кыргызстандын муфтияты тараткан билдирүүдө айтылат.

«Соңку убактарда социалдык тармактарда жоолук маселеси боюнча талкуулар жүрүп, кайым айтышуулардын көбөйүп бара жаткандыгы байкалууда. Муну менен катар Жогорку Кеңештин депутатынын жоолук боюнча айткан пикири элибиздин Баш мыйзам аркылуу кепилденген дин тутуу эркиндигине каршы келет жана коомдун дестабилдешүүсүнө жол ачышы мүмкүн. Кыргыз Республикасында жарандардын дин тутуу эркиндигине кепилдик берилет. Жоолук маселеси мектептин олуттуу көйгөйүнө айландырылбашы керек. Ислам дининде аялзатына жоолук салынуу буйругу ыйык Куранда ачык айтылган» , — деп айтылат билдирүүдө.

Муфтият билим берүү мекемелерине жоолук салынып барган окуучу кыздар дин тандоосу үчүн кодуланбашы керектигин белгилейт. Андан көрө билим берүүнү жакшыртып, келечек муундун ар тараптуу өнүгүүсүнө шарт түзүп, жакшы тарбиялап чыгууну сунуштай.

Кыргыз элинин салт-санаасы, улуттук баалуулуктары жана кийими Ислам динине каршы келбейт. Ата-бабалар эзелтен улуттук баалуулуктарды бекем сактап, ошол эле учурда Ислам динин дагы тутунуп келишкенин эске салат.

Жогорку Кенештин депутаты Арсланбек Малиев парламенттин 6-октябрдагы жыйынында мектепте окуучулардын жоолук салынуусуна каршы эместигин, бирок араб маданиятынан келген хиджабга каршы экенин айткан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM