Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Жапаров «Борбор Азия + Орусия» президенттеринин саммитине катышат

Кыска кабар | 14 Окт 2022 | 350 | 0

Бүгүн, 14-октябрда президент Садыр Жапаров Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынына, «Борбордук Азия +Орусия» саммитине катышат.

Жыйын түз эфирде УТРКдан Бишкек убактысы боюнча 12:30да башталат.

Бул иш-чарага Кыргызстандан барган расмий делегациясынын курамы:

— Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев;

— Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

— Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;

– Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Дастан Дюшекеев;

– Кыргызстандын Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин уставдык жана башка органдарындагы туруктуу өкүлү Эрмек Ибраимов;

— КМШнын экономикалык кеңешине караштуу экономикалык маселелер боюнча комиссиядагы өкүлү Айгүл Рыскулова;

— Башкы прокурордун орун басары Кумарбек Токтакунов;

— Экономика жана коммерция министринин орун басары Канат Абдрахманов.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM