Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев «Камбар-Ата-1» ГЭСин куруу, экинчи гидроагрегатты ишке киргизүү жана «Камбар-Ата-2» ГЭСинин жер үстүндөгү төгүүчү жайын куруу долбоорлору боюнча уюштуруу комитетинин жыйынын өткөрдү.
Мындан төрт ай мурун президент тарабынан «Камбар-Ата-1» ГЭС тилкесинде даярдоо иштеринин алгачкы этабы башталган. Анда көпүрө, туннель, жол, көмөк чордон жана вахталык шаарча курулушу пландалууда.
«Андан бери долбоорду каржылоо маселеси чечилди, жылдарга бөлүү менен 1 млрд 555 млн 600 миң сом өлчөмүндө бюджеттик насыя бөлүнгөн. Ошондой эле башкы аткаруучу – «Нарынгидроэнергокурулуш» ачык акционердик коому аныкталды» , — деп айтылат маалыматта.
Бакыт Төрөбаев тиешелүү министрликтердин жетекчилерине мурда иштелип чыккан техника-экономикалык негиздемени жаңылоону тездетүүнү тапшырды.