Биз менен байланышыңыз

Кумтөр боюнча депутаттык комиссияга Исхак Масалиев төрага болду

Кыска кабар | 14 Окт 2022 | 548 | 0

Жогорку Кеңештин «Кумтөр Голд Компани» ишканасындагы алтындын сатылышын, жалпы өндүрүштүн көлөмүн иликтөө жана Кыргызстандын менчигине өткөндөн берки ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча убактылуу депутаттык комиссиясына депутат Исхак Масалиев төрага болуп шайланды. Бул тууралуу «Бүтүн Кыргызстан» парламенттик фракциясынан билдиришти.

Парламенттин 28-сентябрдагы отурумунда «Кумтөр Голд Компани» ишканасындагы алтындын сатылышын, жалпы өндүрүштүн көлөмүн иликтөө жана Кыргызстандын менчигине өткөндөн берки ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүлгөн. Депутаттык комиссия түзүү маселесин «Ата-Журт — Кыргызстан» фракциясы сунуштаган.

Комиссиянын курамына депутаттар Марлен Маматалиев, Балбак Түлөбаев, Адахан Мадумаров, Исхак Масалиев, Жанарбек Акаев, Нилуфар Алимжанова, Надира Нарматова, Нурланбек Шакиев, Марат Мураталиев, Улугбек Ормонов, Шайлообек Атазов, Арсланбек Малиев, Максат Сарбагышев кирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM