Биз менен байланышыңыз

Жапаров Путинге Тажикстандын агрессиясы тууралуу айтты

Кыска кабар | 13 Окт 2022 | 3359 | 0

Астанада 13-октябрда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун, Орусиянын президенти Владимир Путиндин жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун үч тараптуу жолугушуусу болду.

Анда мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкеси боюнча актуалдуу маселелер талкууланды.

Садыр Жапаров Владимир Путинге бул биргелешкен жолугушууну өткөрүү жана орун алган көйгөйлүү маселелерди ишеним артуу менен талкуулоо демилгеси, ошондой эле Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек ара маселелеринде көмөк көрсөтүүгө даярдыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал кыргыз-тажик чек арасында түзүлгөн кырдаалга кеңири токтолду.

Кыргыз тарап талаштуу маселелерди тынчтык жолу жана саясий-дипломатиялык ыкмалар менен гана чечүү зарылчылыгы боюнча өзгөрүүсүз позицияны карманаарын баса белгиледи жана тажик тараптын куралдуу агрессиясынын кесепеттерин эске салды.

Садыр Жапаров ошондой эле Кыргызстан кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара сызыгын эки тарапка тең пайдалуу болгудай кылып тез арада калыптандырууга ынтызар экенин, бул туруктуулуктун жана ынак коңшулуктун кепили боло тургандыгын белгиледи. 

Bayraktar AKINCI согуштук дронунун артыкчылыктары (фото, видео)

Copyright © 2017 Maral FM