Биз менен байланышыңыз

Bayraktar AKINCI согуштук дронунун артыкчылыктары (фото, видео)

Блог | 13 Окт 2022 | 2575 | 0

Байрактар Акынжы – Түркиянын абадан сокку уруучу учкучсуз учуучу аппараттарынын бири. Бул согуштук дронду түркиялык Baykar Makina компаниясы иштеп чыгып, өндүрүштү жолго койгон.

Акынжы абадан сокку берүүчү согуштук дрон катары алгачкы эскиздери 2018-жылы ЖМКларда жарыяланган. Ал эми анын тесттик режимде жер үстүндө сыноодон өткөрүү 2019-жылы 1-августта башталып, 1-сентябрда аяктаган.

Акынжы согуштук дрону заводдогу тесттик текшерүүлөрдөн соң, абада сыноодон өткөрүү үчүн Түркиянын Куралдуу күчтөрүнө тапшырылган. Ал эми Акынжыны сериялык өндүрүшкө Baykar Makina компаниясы 2022-жылдан тарта койду.

Акынжынын жүк көтөрүү сыйымдуулугу 1350 кг, 400 кг ичинде, 950 кг сыртында жүк көтөрө алат.  Эки турбовинттик кыймылдаткычка ээ.

Бул учкучсуз учак канаттуу ракеталарды абадан учурган алгачкы дрон жана ал оор аба шарттарында да маалыматты так жеткире алган жасалма интеллект менен камсыздалган.

Акынжынын техникалык өзгөчөлүктөрү:

  • Узундугу: 12,2 м
  • Канаттарынын жайылуусу: 20,0 м
  • Бийиктиги: 4,1 м
  • Максималдуу учуу салмагы: 5500 кг
  • Жүк көтөрүмдүүлүгү: 1350 кг
  • Ички жүк сыйымдуулугу: 400 кг
  • Тышкы жүк сыйымдуулугу: 950 кг
  • Украина өндүрүшүнө таандык 2 турбовинттик кыймылдаткычка ээ

Учуу өзгөчөлүктөрү

  • Максималдуу учуу убактысы: 24 саат абада учуп жүрө алат
  • Практикалык бийиктиги: 12 192 м
  • 9 жеринде жүк ташый алат

 

Колдонула турган ракета түрлөрү

-8 км / 30 км / 100 км / алыстыкка жете турган “аттым жана унуттум” принцибиндеги ракеталар

-Cirit

-MAM -L / -С

-L-UMTAS

-Bozok

-Түрк өндүрүшүнө таандык Mark 84 / Mk83 / Mk82 / Mk81 / NEB-84 / SARB-83 маркаларындагы бомбалар

-SOM канаттуу ракеталары (275 км алыстыкка жете турган)

Навигациясы

Түркия өндүрүшүнө таандык АФАР радардык орнотуу системасы

Aselsan максатуу системасы

Байрактар ТБ-2ден айырмасы:

Акынжы модели Байрактар ТБ-2ге салыштырмалуу дагы да көп жүк көтөрө алат. Ошондой эле локацияны аныктоодо жасалма интеллектин жардамы менен оор шарттагы аба ырайында да үзгүлтүксүз иштейт. Ал эми экөөнүн максималдуу учуу сааты окшош (24 саат).

Акынжы канча өлкөгө сатылды?

Bayraktar AKINCIны экспорттоо боюнча 4 өлкө менен келишим түзүлгөнү ушул жылдын июль айында айтылган. Кечээ, 12-октябрда Кыргызстандын УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев да Акынжы учкучсуз учагын алуу боюнча келишим түзүлгөнүн жарыялаган. Кыргызстан Түркиянын Акынжы согуштук дрондоруна буюртма берген бешинчи өлкө. Ал эми Bayraktar TB2 SİHAсы 22 өлкөгө сатылган. Анын ичинде Кыргызстан да бар.

Акынжы – сөзү “агып кирүү, бастырып кирүү” деп которулат. Тактап айтканда, душман тарапка бастырып кирди деген мааниде колдонулат. Ошол эле учурда Осмон империясынын тушунда “акынжылар” деген аскердик бөлүк болгон. Алар Осмон империясынын алгачкы жылдарында чабуул учурунду эң алдыңкы сапка тизилип, душмандын аймагына биринчилерден болуп бастырып кирген. Алардын милдети душманды моралдык жактан сындырып, “герилла тактикасын” колдонуп, душман тараптын аскерлерин чачыратып, аларды шок абалга келтирүү болгон.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM