Биз менен байланышыңыз

Астана: Жапаров, Путин жана Рахмондун жолугушуусу башталды (видео)

Кыска кабар | 13 Окт 2022 | 933 | 0

Астана шаарында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Орусиянын президенти Владимир Путин жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун үч тараптуу жолугушуусу башталды.

Жолугушуу Астанада өтүп жаткан Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешмеге (АӨИЧК) мүчө мамлекеттердин VI саммитинин алкагында өтүүдө.

Владимир Путиндин кыскача сөзүнөн кийин тараптардын жолугушуусу жабык режимде өтмөй болду.

Буга чейин президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев: «Биргелешкен жолугушуу Владимир Путиндин демилгеси менен уюштурулуп, ал Кыргызстан жана Тажикстандын ортосундагы чек ара маселелерин чечүүгө көмөктөшүүгө даяр экенин билдирди», — деп айткан.

Copyright © 2017 Maral FM