Бүгүн, 13-октябрда Казакстандын борбору Астана шаарында Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешмеге мүчө мамлекеттердин VI саммити өттү.
Иш-чарага Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана кеңешмеге мүчө-мамлекеттердин президенттери катышты.
Бүгүн Астана шаарында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун, Орусиянын президенти Владимир Путиндин жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун үч тараптуу жолугушуусу өтөт.
Ошондой эле эртең, 14-октябрда, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин президенттеринин кеңешинин жыйыны жана «Борбор Азия+Орусия» мамлекет башчыларынын саммити өтөт.