Биз менен байланышыңыз

Диндердин өнүгүү тарыхы боюнча окуу китептери жакында мектептерге таратылат

Кыска кабар | 13 Окт 2022 | 269 | 0

Мектептерге диндердин өнүгүү тарыхы боюнча окуу китептери октябрь айынын аягына чейин жеткирилет. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин мектептеги билим берүү жана китеп чыгаруу саясаты башкармалыгынын башчысы Самаркүл Умралиева брифингде айтты.

Сабак билим берүү системасына быйыл 9-класстын окуучулары арасында киргизилген. Тандалып алынган жана атайын даярдалган 2 миң 200дөн ашуун педагог-теологдор жана тарыхчылар сабак берет.

Китептер 120 миң нуска, анын ичинен кыргыз тилинде 72 миң 500, орус тилинде 42 миң 300, өзбек тилинде 8 миң 300, тажик тилинде 280 нуска менен басылып жатат.

Ал эми Баткен облусундагы Баткен жана Лейлек райондоруна китептерди ушул жуманын ичинде толук жеткирип берүү пландаштырылууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM