2022-жылдын тогуз айы ичинде Кыргызстанда 9,3 млрд кВт/саат электр энергиясы өндүрүлдү. Бул тууралуу Энергетика министри Таалайбек Ибраев маалымат жыйында айтты.
Анын маалыматы боюнча, Түркмөнстан менен эки келишим түзүлгөн. Биринчисинде, 1,5 млрд кВт/саат, экинчисинде 1,3 млрд кВт/ саат электр жарыгы Өзбекстан аркылуу алып келинет. Жыл аягына чейин келишим аткарылары айтылды.
Ал эми Казакстандан 2022-жылдын март-декабрь айына чейин 450 млн кВт/саат электр жарыгын сатып алуу келишими түзүлгөн.
Анын 241 млн 600 миңи алып келинди. 2023-жылдын биринчи кварталына чейин 600 млн кВт/саат электр энергиясы алып келинет.
Министрдин айтуусуна караганда, энергетика тармагындагы күз-кышка даярдык 95 пайызга аткарылды.
«Улуттук энергохолдинг» ишканасынын башкармалыгынын төрагасы Талайбек Байгазиев кошумчалагандай, 2022-жылы жана 2023-жылдын биринчи кварталында Казакстандан 1,05 млрд кВт/саат электр энергиясын импорттоо пландалууда.
Ошондой эле Өзбекстан жана Түркмөнстан менен мурда жетишилген макулдашуулардын алкагында, пландалган көлөмдөр графикке берилип жатат.
Бүгүнкү күндө электр энергиясын импорттоонун көлөмү 1,8 млрд кВт/саатты түзөт. Жалпысынан учурда Борбордук Азиянын энергетикалык тутумдарынан 2,3 млрд кВт/саат электр энергиясы импорттолду.