Биз менен байланышыңыз

Бишкек ЖЭБине 400 миң тонна импорттук көмүр тендерсиз алынат

Кыска кабар | 13 Окт 2022 | 293 | 0

Бишкек жылуулук электр борборунда көмүрдүн запасы жаңы жылга чейин жетет. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев 13-октябрда өткөн маалымат жыйында билдирди.

Борборго кошумча 400 миң тонна импорттук көмүр сатып алганга чейин кампалардагы көмүр пайдаланылат. Бүгүнкү күндө 242 миң тонна көмүр даярдалган.

«Электр станциялары» ААКнын башкы директору Айбек Айдаралиевдин айтымында, Бишкек ЖЭБине алына турган 400 миң тонна импорттук көмүр тендерсиз алынат.

«Көмүр алуу үчүн тендер өткөрүүгө убактыбыз жок, эртең ноябрь. Андыктан ортомчу жок бир булак менен келишим түзүлөт», — дейт ал.

Ал эми энергетика министри Таалайбек Ибраевдин айтымында, күз-кыш мезгилине көмүр, газ, мазут, электр жарыгын алууга 9 млрд сом каралган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM