Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан БУУнун Коопсуздук кеңешинин мүчөлүгүнө талапкерлигин сунуштады

Кыска кабар | 13 Окт 2022 | 452 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 13-октябрда Астана шаарында Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешмеге мүчө мамлекеттердин VI саммитине катышууда.

Анда ал сөз сүйлөп, кыргыз өкмөтү коомдун социалдык-экономикалык өнүгүүсүндөгү маалыматтык коммуникациялык технологиялардын олуттуу ролун белгиледи. Өлкөдө БУУнун Туруктуу өнүктүрүү максаттарына шайкеш келген программалар ишке ашырылып жатканын айтты.

«Кыргыз тарап маалыматтык технологиялардын коопсуздугу жана аларды пайдалануу жаатындагы кызматташуу боюнча лидерлердин Декларациясынын жоболорун ишке ашырууга даяр. Биз ошондой эле БУУнун Глобалдык антитеррордук стратегиясын ишке ашыруу боюнча жигердүү иштерди жүргүзүүгө умтулабыз. Биздин өлкө терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүү боюнча комплекстүү иштерди жүргүзүүнү улантууда. Кыргызстанда террористтик кыймылдарга эл аралык байкоо жүргүзүү үчүн жүргүнчүлөрдү алдын ала маалымдоо жана жүргүнчүлөрдү каттоо маалыматтары системасы ишке ашырылган», — деди Садыр Жапаров.

Президент Кыргызстанда экстремизмге жана терроризмге каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик программа иштелип чыгып, бекитилгенин кошумчалады.

«Бүткүл дүйнөдө тынчтыкты, глобалдык коопсуздукту, туруктуу өнүгүүнү жана социалдык прогрессти камсыз кылуу үчүн БУУнун жалпы ишине өз салымыбызды кошууга умтулабыз. Ушуга байланыштуу, БУУнун жана бүткүл дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн чакан мамлекеттердин көйгөйлөрүнө буруу максатында Кыргызстан 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин сунуштады. Биз талапкерлигибиздин колдоо табарына ишеним артабыз» , — деди Жапаров.

Астанада 12-14-октябрь күндөрү Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешмеге мүчө мамлекеттердин VI саммити, КМШнын президенттеринин кеңешинин жыйыны жана «Борбор Азия + Россия» мамлекет башчыларынын саммити өтөт.

Copyright © 2017 Maral FM