Биз менен байланышыңыз

Жакышев: Таласта бөйрөк оорусунан жабыркагандардын саны өсүүдө

Кыска кабар | 13 Окт 2022 | 654 | 0

Талас облусунун Бакай-Ата районунда бөйрөк оорусунан жабыркагандардын саны өсүп жаткандыгын парламенттин бүгүнкү жыйыныда депутат Руслан Жакышев билдирди.

Анын айтымында, Талас облусуна болгон иш сапарында жергиликтүү тургундар оорунун саны өсүп жатканын белгилешип, заманбап гемодиализ аппаратын койдуруп берүүсүн суранышкан.

«Жарандар жеке менчик гемодиализге жума сайын барганга мүмкүнчүлүктөрү болбой жатат. Ошондуктан Саламаттык сактоо министрлиги эң жакынкы убакта гемодиализ аппаратын койдуруп берүүңүздү суранат элем» , — деди Жакышев.

Кыргызстанда акыркы жылдары өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен жабыркагандардын саны өсүүдө. Алар гемодиализ алуу үчүн бир жолку дарыланууга 5 миң сомдон ашык акча коротот. Бул бейтаптарды бир топ түйшүккө салып келет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM