Биз менен байланышыңыз

Матубраимов: Бийлик бутактарында ырааттуу иш болбой жатат

Кыска кабар | 13 Окт 2022 | 481 | 0

Мамлекеттик жана коомдук ишмер, мурдагы Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы Алмамбет Матубраимовдун 70 жылдык маарекесине байланышкан иш-чара Жогорку Кеңеште белгиленди.

Иш-чарага парламенттин мурдагы төрагалары, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер катышты. Мурдагы премьер-министр Апас Жумагулов, Легендарлуу парламенттин төрагасы Медеткан Шеримкулов, академик Миталип Мамытов, Жогорку Кеңештин IV чакырылышынын төрагасы, депутат Адахан Мадумаров жана башкаралар куттуктоо сөзүн сүйлөштү.

Алмамбет Матубраимов сөз сүйлөп жатып, парламент кандай сыноолордон өткөнүн жана олуттуу чечим кабыл алууда ролу чоң болгонун белгиледи. Ошол эле учурда бийликтин үч бутагында ырааттуу иш болбой, кызыкчылыктар роль ойноп жатканын айтты.

«Тилекке каршы, Борбордук архивде да, кыргыз телевидениесинде да парламенттин эч кандай архиви сакталбаптыр. Мен бир айдан бою карап чыктым. Мындан тышкары, Кыргызстандын потенциалы чоң, бирок өлкөнүн кадырын түшүрбөш керек. Дагы бир нерсени айтаарым, бийликтин үч бутагы шайлоо аркылуу келип, ыраааттуу иштеши керек. Азыр ар бир бутак, ал тургай ар бир мекеме жеке кызыкчылыгы үчүн иштеп жатат» , — деди Матубраимов.

Алмамбет Матубраимов Ош облусунун Өзгөн районунун Кош-Этер айылында төрөлгөн. Кыргызстандын төртүнчү премьер-министри ( 1993-ж.),

Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын экинчи төрагасы (1995-1997).

Кыргызстандын президенттигине эки жолу ат салышкан (2000, 2011).

Техникалык илимдердин кандидаты.

Copyright © 2017 Maral FM