Президент Садыр Жапаров бүгүн, 13-октябрда Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешмеге (АӨИЧК) мүчө мамлекеттердин VI Саммитинин катышуучулары менен учурашуу аземине катышты.
Эгемендүүлүк сарайында мүчө-мамлекеттердин, байкоочу-мамлекеттердин, байкоочу уюмдардын, өнөктөш уюмдардын делегация башчыларын, ошондой эле Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин конокторун Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев тосуп алды.
Учурашуу жана чогуу сүрөткө түшүү аземинен кийин АӨИЧК саммитинин ачылышы болду.