Биз менен байланышыңыз

Баткен: Убактылуу жашоого кеткен чыгым үчүн 200 миң сомдон берилет

Коом , Экономика | 12 Окт 2022 | 764 | 0

Бүгүн, 12-октябрда Финансы министрлиги ушул жылдын тогуз айында республикалык бюджеттин аткарылышы боюнча маалымат берди. Консолидацияланган бюджеттин ресурстары, казынанын кирешеси жана чыгашалары туурасында отчёт берилди. Мындан сырткары мамлекеттик кызматкерлердин айлыгынын жогорулатылганы, бирок айрымдардын маяналары тескерисинче азая баштаганы жана сентябрда айында тажиктердин куралдуу кол салуусунан жабыркагандарга кенемте төлөп берүү маселелери боюнча суроолорго жооп айтылды. 

Сентябрь айында Тажикстандын аскер күчтөрүнүн Кыргызстанга баскынчылыгынан жабыркагандарга кенемте төлөнөрү айтылган. Финансы министринин орун басары Жибек Дүйшеева маалымат жыйында кабарлагандай, тураксыз калган Баткендин тургундарына убактылуу жашоого кеткен чыгымдарын жабуу үчүн атайын эсептен 200 миң сомдон бөлүнөт.

Бул акча атайын эсепке кайдыгер эмес жарандардан чогулган 320 миллион сомдун эсебинен берилет. Учурда 49 млн 6 миң сому бөлүндү. Бул каражат 400дөн ашуун үй-бүлөгө каралган.

«Ар кандай деңгээлде жаракат алган жана каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө компенсация өзүнчө берилет. Эмгек, социалдык өнүктүрүү жана миграция министрлиги тиешелүү токтомдун долбоорун даярдап жатат. Кыйраган жана бузулган үйлөрдү жана объекттерди калыбына келтирүү үчүн өзүнчө каражат каралган. Бул үчүн республикалык бюджеттен 1 млрд сом бөлүнгөн».

Октябрь айынын башында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткенге жардам берүү үчүн ачылган атайын эсепке жарандардан 307 млн сом түшкөнүн, бул каражатын эсебинен үйү жарактан чыккан жарандарга 300 миң сомдон берилерин айткан. Үйү кыйроого учурабай, бирок талап-тоноого кабылган жарандарга 100 миң сомдон бир жолку материалдык жардам берилерин билдирген.

Баткен: Кенемтенин баасы дагы деле аныктала элек

Эми бюджеттин январь-сентябрь айларындагы көрсөткүчтөрү боюнча айтсак, жалпы кирешеси 47,3%га өстү.

Тактап айтканда, 9 айда республикалык бюджеттин кирешелеринин жалпы көлөмү 189 млрд 9 млн сомду түзүп, өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 47,3%га же 61 млрд сомго өскөн.

Бул көрсөткүчтөр боюнча алганда жалпы кирешенин өсүү темпи 155,3%ды түздү.

Ошол эле учурда казынанын чыгашалары 187 млрд 4 млн сомго жетти.

Өткөн жылы бул көрсөткүч 127 млрд 7 млн сомду түзгөн. Ошентип, быйылкы жылы бюджеттик чыгашалар 59,7 млрд сомго өстү.

Бул эмгек акы жана жөлөк пулдарды жогорулатууга байланыштуу. Мунун негизинде былтыркы жылга салыштырмалуу социалдык тармакта чыгашалардын көлөмү жана реалдуу секторго каражат сарпталган. Мындан тышкары өлкөнүн коопсуздугун камсыз кылууга да олуттуу каражат жумшалды.

Мамлекеттик кызматкерлердин айлыгы жөнүндө кененирээк токтолсок:

Ушул жылы Кыргызстанда бюджеттик чөйрөдөгү 361 миң 193 кызматкердин эмгек акысы эң аз дегенде жарымына көбөйтүлдү.

Апрель айында социалдык блоктун кызматкерлеринин эмгек акысы жогорулап, алардын саны 275 миңге жакын адамды түзгөн. Бул төлөмдөргө жыл аягына чейин кошумча 26 млрд сом сарпталган.

Ал эми август айынан баштап эмгек акы 17 миң 884 мамлекеттик кызматкерге, 10 миң 309 муниципалдык кызматкерге, ошондой эле бюджеттик түзүмдөрдүн 58 миң кызматкерине — техникалык персоналга, кенже кызматкерлерге жана башкаларга көбөйтүлгөнү кабарланды.

Министрдин орун басары август айынан бери көтөрүлгөн эмгек акыларды төлөөгө жыл аягына чейин кошумча 7 млрд сом талап кылынарын белгиледи.

Буга чейин мугалимдер апрель-май айларында жогорулатылган айлыктар сентябрда кайра азая баштаганын билдиришкен. Бул маселе боюнча Финансы министрлигинин штаттык санын жана эмгек акысын талдоо башкармалыгынын башчысы Иса Бакиров түшүндүрмө берди.

Анын айтымында, апрель айынан баштап мугалимдердин эмгек акысы жаңы модель боюнча эсептелип жатат. Эсептөөлөр бүгүнкү күндө 7 миң 40 сом өлчөмүндө аныкталган базалык ставкадан келип жатканын түшүндүрдү.

Улуттук статистика комитети тарабынан 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча берилген эмгекке жарамдуу калктын жашоо минимумунун өлчөмү боюнча аныкталган. Минималдуу эмгек акы бул көрсөткүчтөн төмөн болушу мүмкүн эмес. Ошондой эле жаңы моделге мугалимдин категориясын аныктаган коэффициенти кирет.

Бакиров мугалимдердин сааттары жаңы модель боюнча бир жумада 18 саат деп аныкталганын кошумчалады.

«Мугалимдин маянасы базалык ставканы эселөө коэффициентине көбөйтүү менен эсептелет. Буга Эмгек кодексинде каралган стажы жана анын башка түрлөрү үчүн үстөк пайыз кошулат. Ошондой эле дептерлерди текшерүү үчүн  — 2 миң 700 сом өлчөмүндө жана класс жетекчилерине — 1 миң 400 сом өлчөмүндө өзүнчө белгиленген үстөк акылар каралган. Бул моделди билим берүү министрлигине түшүндүрдүк. Бул эсептөөлөр боюнча мугалимдердин эмгек акысы 80%га көбөйгөн. Эгерде мурда алар орто эсеп менен 15 миң сом алган болсо, анда жаңы модель боюнча 24 миң сомго жакын акча алышы керек».

Ошол эле учурда бир топ мугалим «Маралдын» редакциясына дептерди текшерүү үчүн, класс жетекчилерге жана олимпиада жеңүүчүлөрдүн мугалимдерине кошумча каражаттар кыскартылганын билдиришкен.

Бакиров болсо, мугалимдердин айлык акысы көбөйбөгөн болсо, Билим берүү жана илим министрлигине кайрылып, түшүндүрмө талап кылуу керектигин айтты.

Мугалимдер: Көтөрүлгөн айлыктар азая баштады

Ал эми эл аралык кызматташтык башкармалыгынын жетекчиси Нурбек Акжолов мамлекеттик карыздын көлөмү жөнүндө маалымат берип, ички жана тышкы карыз 421 млрд 2 млн сомду түзөрүн белгиледи:

«Ички карыздар — 1 млрд долларды түзөт. Ал эми тышкы карыздар 4,2 млрд долларды түзөт. Эгер биз ИДП деңгээлин айта турган болсок, 9 айда жалпы мамлекеттик карыз – 6,4%ды түзөт. Тышкы карызды төлөө үчүн республикалык бюджеттен акча бөлүнүп берилип турат. Бүгүнкү күндө 200 миллион доллар тышкы карызды төлөө үчүн сарпталды. Кийинки жылдары бул көрсөткүч эки эсеге көбөйөт».

Үстүбүздөгү жылдын 9 айында консолидацияланган бюджеттин ресурстары 299 миллиард 500 миллион сомго жетти. Өткөн жылга салыштырмалуу өсүш 90 млрд. сомду түздү. Кирешелердин эң негизги үлүшүн салыктык кирешелер түзөт.

Салыктык түшүүлөрдүн өсүшү былтыркы жылга салыштырмалуу орточо өсүү темпи менен 150% деңгээлинде сакталды.

Финансы министрлигинин өкүлдөрү бул жылы жана алдыдагы мезгилде эң негизгиси айлыктарды жогорулатуу тапшырмасы толук кандуу ишке ашырылып келе жатканын билдиришти. Алдыда күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин айлыктары жогорулатылган өлчөмдө берилип баштай турганы маалымдалды.

Copyright © 2017 Maral FM