Кыргыз-тажик чек арасында болгон 14-17-сентябрдагы согуш учурунда Баткен облусунан 140 миңге чукул жаран коопсуз аймактарга чыгып кеткен. Учурда абал турукташып, 137 миңдей адам үйүнө кайтты. Ал эми 10 миңден ашуун жаран үйүнө кайта элек. Алардын бара турган жайы жок болгондуктан туугандарынын үйүндө, мейманканаларда, убактылуу берилген жатаканаларда баш калкалап жатышат.
Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы соңку куралдуу кагылышта кыргыз айылдарынан 640 турак жай зыян тарткан.
Бийлик өкүлдөрү жаңы жылга чейин үйлөрдү калыбына келтирип, сапаттуу турак жайларды куруп берүүгө убада кылды. Ошондой эле министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров үйү бузулган Баткендин тургундарына 300 миң сомдон берилерин айткан. Жергиликтүү жашоочулар бул боюнча кабардар эмес экенин, ал тургай көпчүлүк аймактарда курулуш иштери баштала электигин айтышты.
Баткен районунун Паскы-Арык айылынын тургуну Толкунбек Ормонов кыргыз-тажик чек арасына 500 метр жакын жерде жашайт. Мындан улам тажик аскерлери тарабынан чабуул жасалганда биринчилерден болуп Толкунбектин үйү өрттөлгөн.
Ал үй-бүлөсү менен Ош шаарына эвакуацияланган. Кийинчерээк аларды мейманканадан чыгарып, университеттин жатаканасына жайгаштырышкан. Ал жактан да орун жетишсиз деп, жатакананы таштап, башка жерге кетүүсүн суранышкан. Ошол кезде Толкунбек айылына кайтып, үй-бүлөсүн, төрт баласын Бишкекке туугандарыныкына жөнөтүүгө аргасыз болду.
Ал айылда үйлөрдү калыбына келтирүү иштери баштала электигин жана кенемте жөнүндө сөз да болбогонун айтууда.
«Мен өкмөткө арыз жазып, анда эмне болгонун, кандай болгонун жазып таштап койдум. Тажиктер 12 кап өрүгүмдү уурдап кетишкен. Ошол эле 350 миң сомдук киреше болмок. А 300 миң сом берилери боюнча айта элек, мен билбейм. Сизден биринчи жолу угуп жатам азыр. Ата-энемди, бала-чакамды Бишкекке жөнөттүм. Ошто тигил жакка, бул жакка көчүрө бергенден чарчап кеттик. Ал эми үйдү куруп беребиз деп айтып жатышат, бирок курулуш иштери, эч нерсе баштала элек».
Тажик баскынчылары Лейлек районунун Максат айылынын тургуну Дастан Нариповдун үйүн ушуну менен экинчи жолу өрттөп кетишти.
Ал өкмөт убадалаган 300 миң сом тууралуу кошуналардан угуп калган. Бирок былтыркы апрель-май окуяларында 150 миң сом кенемтени бийлик бир жылга чукул убакытта бергенин айтып, бул жолкусунда да ошондой болуп каларынан чочулайт.
«300 миң сом жөнүндө маалымат берилди. Чын-жалганын эми убакыт көрсөтөт. Качан берилери айтылган жок. Былтыр да тажиктердин кол салуусунда жабыр тарткандарга кенемте төлөнүп берилет деп айтылганы менен быйыл толук бир жыл болгондо гана алдык. «Бул жолкусунда да ушундай болуп калбайбы?» деген чоң суроо бар».
Ал эми Лейлек районундагы Достук айылынын жашоочусу Асанбай Орозкулов кенемте төлөнүп берилерин уккан. Бирок бул акча үйдү калыбына келтирүүгө сарпталабы же андан сыркары кенемте катары төлөнүп берилеби, так айтылбаганын белгилейт.
«Мен ошону түшүнбөй жатам. Бул жакта көбүнесе бир короодо экиден үй салынган. Группадан жазып жатышат: «Эгер короодо эки үйү болуп, экөө тең күйүп кетсе, анда бирин куруп беришет, экинчисине кенемте төлөп беришет», — деп уктум. Эртең штабга барып сураштырып, билип келейин деп отургам».
1-октябрда Баткен облусун калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын жыйынына министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышып, суук түшө электе бузулган турак жайларды калыбына келтирүү зарылдыгына токтолгон.
Мындан сырткары Баткен облусунда кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу кагылышта үй-жайы талкаланган тургундарга 300 миң сом өлчөмүндө бир жолку материалдык жардам берилерин баса белгилеген.
Маалыматка караганда, жабыркаган, бирок капиталдык оңдоого муктаж үйлөрдүн категориясына кирбей калган турак жайдын ээсине 100 миң сом өлчөмүндө материалдык жардам көрсөтүлөт.
Ал эми буга чейин ал чек арага жакын жайгашкан аймактардын тургундары менен жолугуп келген.
«Үйлөрдүн баарын кышкы чейин ордуна коюп беребиз. 420дай үйдү жаңыдан салабыз. Кирпич, бетон менен силер сурангандай сапаттуу кылып куруп беребиз. Бул жумуштарга киришип жатабыз».
Акылбек Жапаров айткан 300 миң сом боюнча көптөгөн тургундардын суроолору бар. Биз Финансы министрлигине кайрылып, алгылыктуу жооп алалган жокпуз.
Алар министрлер кабинетинин төрагасы сөз кылган 300 миң сом боюнча маалыматы жоктугун айтышып, комментарий берүүдөн баш тартышты.
Кандуу каргашада 600дөн ашуун турак үй, коомдук имарат тонолуп, өрттөлүп, талкаланган. Ак-Сай аймагында эле 180 үй жер менен жексен болгон.
Кыргызстан кол салуудан бери дегенде 62 жаранынан айрылды. Жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады, алардын 13ү балдар, 14ү аялдар.