Биз менен байланышыңыз

Мугалимдер: Көтөрүлгөн айлыктар азая баштады

Коом , Саясат | 7 Окт 2022 | 10780 | 0

Жалпы билим берүү кызматкерлеринин айлыгы быйыл, 1-апрелден тарта 50-80%га чейин көтөрүлгөн. Анын ичинде педагогдордуку 80%, административдик башкаруу кызматкерлериники 50%, техникалык жана кенже кызматкерлердики 80%га көбөйгөн.

Ошол кезде Билим берүү жана илим министрлиги мугалимдер сентябрь айынан тарта да көбөйтүлгөн айлык алууну улантарын маалымдап, ошол эле убакта мугалимдерге психологиялык, физикалык оорчулук келбеши үчүн сабак сааттары кыскартыларын билдирген. «Жаңы окуу жылында да айлыкты кандай берип жатат?» деген суроону жер-жерлердеги мугалимдерге берип көрдүк. 

Чоң-Алай районундагы мектептердин биринде 30 жылдан бери эмгектенген физик-математик Айдана Эргешова айлык мурдагы жылдарга салыштырмалуу кыйла көбөйгөнүн, бирок сабак сааттары кыскартылып, ийримдерге, олимпиадага даярдоо иштерине, кошумча сабактарга акы төлөө токтотулуп, мындан улам маяна азыраак чыгып жатканын айтты. .

«Былтыр 16 саат иштегем, быйыл 14 саат алып калдым. Себеби мугалимдер көбөйүп жатат. Айлыгым 5 миң сомго кыскарды. Буга чейин ийримдерди окуткандарга, олимпиада жетекчилерине акча төлөнчү. Былтыркы окуу жылынын аягында айлык көбөйдү деп буларга төлөнүүчү акы жоюлуп, төлөнбөй калды».

Ал эми Кочкор районундагы мектептердин биринин атын атагысы келбеген мугалими да быйыл саат өлчөмү азайганын айтты. Мугалимдердин айлыгы көтөрүлгөн убакта, тагыраагы, май айында ал 18 саат менен 40 миң сом алган, ал эми сентябрда 16 саат менен 36 миң сом алды.

Өзү иштеген мектеп жайгашкан айыл «бийик тоолуу аймак» категориясына киргендиктен мугалимдердин айлыгы башка жактарга салыштырмалуу көбүрөөк экенин белгиледи.

«Башталгыч класстардын мугалимдери мурун 17-18 саат алчу. Жаңы окуу жылында ставкага такап, 16 саат менен гана иштегенге уруксат берилди. «Ашыкча сабак алсаңар төлөнүп берилбейт», — деп айтылды. Атайын сабактардын баары профилдик мугалимдерге берилип калды. Башталгыч класстын мугалимдери бардык сабакты өздөрү эле окутканга укуктуу, дипломдо да ушундай жазылган».

Ноокен районунда биология сабагын окуткан мугалим (аты жашырылды) сабактары кыскартылганын, айлыктар 3-4 миң сомго азайганын, бирок мунун себеби белгисиз экенин ачыктады. Бул боюнча райондук билим берүү бөлүмүнө арызданууга тоскоолдук жасалып жатканын кошумчалады.

«Биз райондук билим берүү бөлүмүнө даттанып баралы десек, «жетекчиликке сөз тиет» деп жиберишпейт. Ошондуктан биз ал жакка бара албайбыз, бухгалтер, директордун үстүнөн арыздана албайбыз, «эптеп иштеп туралы» деп, бергенин унчукпай алып коюп жүрөбүз. Бирок арыздана турган мезгил келди. Себеби бир класста 33-34 окуучу болуп, китептер, стол-стулдар жетишсиз болгондуктан, балдар окуй албай, билим сапаты аябай төмөндөп бара жатат. Ошол 34 окуучудан он чактысы окуйт, калганы ызылдап ойноп, бири-бирин түртүшүп, мугалимди укпай, үч столдо төрттөн окуучу, төрт столдо бештен окуучу тыгылып отуруп жатышат. Айыл жергесинде ушундай маселелер бар».

Талас районунда да жагдай ушундай экенин мугалим Рахат Адылбек кызы айтып берди.

«Башка мектепте мугалимдерден угуп жатабыз, башталгыч класстын мугалимдеринен дене тарбия сабагын алып коюптур. Бизден алынган жок, 2-класста гана музыка сабагын башка мугалимге өткөрүп беришет. Мурда сабактардын жазуу иштерине кошумча акча төлөнүп берилчү, азыр кыскартып койду».

Лейлек районундагы мектепте мугалим жана уюштуруучу болуп эмгектенген Саадат Токтобаева кыскартууларды анчалык сезбегенин айтат. Ал быйыл уюштуруучулардын айлыгы көтөрүлөт деп айтылганы менен акча кошулбаганын белгиледи.

«Жетекчиликтин, бөлүм башчылардын жана уюштуруучулардын айлыгы көтөрүлөт деп айтылган, бирок жогорулаган жок. Ал эми мугалимдердин сабактары кыскарган жок. Мисалы, башталгыч класстарга 16 саатка чейин, чоң класстарга 18 саатка чейин алса болот. Былтыр да ушундай эле болгон».

Биз кепке тарткан мугалимдердин көпчүлүгү мындай кыскартууларга нараазы. Себеби айлык акылары азайып, бирок талаптар мурдагы бойдон калууда.

Билим берүү министрлиги мугалимдерге жүктөлгөн ишти азайтканы менен мурдагыдай эле жумуш көп экенин Бишкек шаарындагы мектептин мугалими Махабат Айтынбетова айтууда.

Баары бир мугалимдер эртеден кечке мектепте болушат, ошондуктан иш өлчөмдөрү мурдагы бойдон калса жакшы болмок дешет. Айтынбетованын сабактарынын 10 сааты кыскарып, айлыгы 10 миң сомго азайган.

«Май айына караганда сентябрдын айлыгы баарыбыздыкы тең аз чыгып калды. Анткени сааттар азайды. Баары бир эртеден кечке чейин мектепте болуп жатабыз, баягыдай эле дептерди текшерип, сабакка даярданып иштеп жүрөбүз. Ошондуктан баарын ошол бойдон калтырып коюшса болмок».

Буга чейин Билим берүү жана илим министрлиги мугалимдерге сентябрь айынан кийин да көбөйтүлгөн айлык берүүнү, аны туруктуу сактоону убада кылган.

Министрликтин маалыматына караганда, өкмөттүн чечими боюнча орто мектептерде жана бала бакчаларда иштеген мугалимдердин айлыгы саатына эмес, оклад катары төлөнө баштаган. Ошондой эле төмөнкү базалык өлчөм белгиленип, буга жараша оклад эсептелип турат.

Жаңы окуу жылында мугалимдерге 1,5 өлчөмдөн ашык иштөөгө уруксат берилген эмес.  Жогоруда мугалимдердин айткандары боюнча Билим берүү жана илим министрлиги жооп бере элек.

Быйыл май айында өкмөт мамлекеттик кызматкерлердин айлыгын көбөйтүү максатында бюджеттен 26 млрд сом кошумча бөлгөн. Анын 16 млрд сому билим берүү тармагына кеткен.

Кыргызстандагы 2333 мектепте 1,5 миллионго жакын окуучу билим алат. Аларга жалпы 82 миңге чукул мугалим билим берет.

Кайсы өлкөдө мугалимдер эң көп айлык алышат?

Copyright © 2017 Maral FM