16-октябрда Бишкектеги «Ынтымак-2» сейил багынын амфитеатрында президенттин Иш башкармалыгынын алдындагы «Манас» президенттик оркестринин классикалык музыкасынын концерти өтөт.
Бул тууралуу Бишкек мэриясы маалымдайт.
Концерт КР эл артисти, дирижёр, оркестрдин көркөм жетекчиси Эрнис Асаналиевдин жетекчилиги астында өтөт. Концерт саат 16:00дө башталат жана акысыз көрсөтүлөт.