Биз менен байланышыңыз

Адахан Мадумаров парламентте бардык нерсе мыйзамдын негизинде өтүшүн талап кылды

Кыска кабар | 12 Окт 2022 | 416 | 0

Бүгүн, 12-октябрда Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров парламенттин жыйынында Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча келишимдин долбоору боюнча бардык нерсе мыйзамдын талабы менен болуусун талап кылды. Анын айтымында, Конституцияда жана регламентте кандай жазылса, эреже ошондой болушу керек.

«Бул жерде «чек араны чечебиз, ушундай кылыш керек болуп калды десе, колуңарга документти алып окубай туруп добуш берген туура эмес» деген маселе кетип бара жатат. Аны ким дүрбөтүп жатат? Мыйзамдуулукту талап кылып жатат. Жогорку Кеңеш мыйзам чыгаруу бутагы. Эгерде биз мыйзамды тебелеп, Конституцияны бузган болсок, анда эч кимден мыйзамдуулукту талап кылганга укугубуз жок деген маселе болуп жатат. Элди будуңга салса эле кете бербейт, бизге караганда көбүрөөктү билишет. Алар бизден айырмаланып, ошол аймакта жайшайт. «Биздин тагдырды мыйзамдын негизинде чечип бериңиздер деп кайрылып жатат. Бул жерде мыйзамдуулук сөз болуп жатат» , — деди Мадумаров.

Ошондой эле Мадумаров Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча парламенттик угуу деген менен анын формасы кармалбагандыгын, комитеттин отуруму дешип, бирок анын режими кармалбагандыгын сынга алды.

Бүгүнкү жыйынында «Ата-Журт-Кыргызстан»фракциясынан депутат Жаныбек Кыдыкбаев «айрым депутаттар чек ара маселесин кайра-кайра көтөрүп, элди будуң чаңга салып жатканын» айткан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM