Биз менен байланышыңыз

Икрамов Руслан Бекназаровдун ишин акыйкат тергелишин талап кылды

Кыска кабар | 12 Окт 2022 | 216 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов саясатчы Азимбек Бекназаровдун уулу Руслан Бекназаров боюнча иштин акыйкат тергелишин талап кылды.

Ошондой эле ал атасы үчүн баласына куугунтук кылуу жазылбаган жашоо мыйзамында дагы жок экендигин белгилеп, Руслан Бекназаровго коюлган доо туура эмес коюлуп жатканын сынга алды.

Икрамов «Полит Узник» баракчасынын администратору, блогер Ырыс Жекшеналиевди абакта кармап отуруу уят нерсе экендигин белгиледи.

Мындан сырткары ал бийликти басымга алууну, кысымга алууну токтотууга чакырды.

Руслан Бекназаровду 15-сентябрда Биринчи Май райондук соту тергөө мөөнөтү бүткөнгө чейин, башкача айтканда, 12-октябрга чейин Бишкектеги №1 тергөө абагына калтыруу чечимин чыгарган. Руслан Бекназаров Бишкек мэриясынын Свердлов административдик округу боюнча муниципалдык башкармалыгынын башчысынын орун басары кызматын аркалап келген. Ал Кылмыш-жаза кодексинин «экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу» беренеси боюнча айыпталган.

Фейсбуктагы «Полит узник» баракчасынын администратору, блогер Ырыс Жекшеналиев 14-августта УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин «Жетим-Тоонун» казылуусуна каршы чыккан эски видеосун жарыялагандыгы камалган. Ага карата Кылмыш-процессуалдык кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү (Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына баш ийбөө жана массалык баш аламандык уюштурууга чакыруу) менен кылмыш иши козголгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM