Биз менен байланышыңыз

Улан Примов вице-спикерлик кызматын тапшырды

Кыска кабар | 12 Окт 2022 | 305 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Улан Примов вице-спикерлик кызматын тапшырганын жарыялады.

Бул тууралуу ал парламенттин 12-октябрдагы жыйынында айтты.

«Жаңы төраганы шайладык. Биз аны менен бир фракцияда болгондуктан моралдык жоопкерчиликти сезип, төраганын орун басары кызматын тапшырууну туура көрдүм» , — деди Улан Примов.

Эл өкүлү Надира Нарматова парламенттин бардык вице-спикерлерин кайра шайлоону сунуштады. Вице-спикерди шайлоо маселеси түштөн кийин карала турган болду.

Улан Примов «Ата журт — Кыргызстан» фракциясынын мүчөсү. Аталган фракциянын лидери Нурланбек Шакиев өткөн аптада Жогорку Кеңештин спикери болуп шайланды.

Парламентти буга чейин «Ынтымак» фракциясынын депутаты Талант Мамытов башкарды. Ал Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы сентябрда болгон куралдуу кагылыштан кийинки окуялардын таасиринен улам кызматын тапшырды. Учурда депутат катары ишмердүүлүгүн улантууда.

Парламенттин төрагасы кызматтан кеткенде орун басарларын да алмаштыруу сунушу айтылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM