Биз менен байланышыңыз

Кыдыкбаев чек ара маселесине этият мамиле кылууга чакырды

Кыска кабар | 12 Окт 2022 | 266 | 0

Парламенттин бүгүнкү жыйынында «Ата-Журт-Кыргызстан» фракциясынан депутат Жаныбек Кыдыкбаев чек ара маселесине этият мамиле кылууга чакырды. Ошондой эле ал Дин аалымы маркум Чубак ажы Жалиловдун «чек ара маселесин билбесең, аралашпа» деген сөзүн келдирди.

Анын айтымында, тынч жашоо үчүн талаш жерлерди берип болсо дагы маселени чечиш керек.

«Азыр кээ бир коллегаларыбыз «өтүп кетти, кетти» деп жатышат. Бул маселени мамлекет чечет. Мамлекет чечсин, ошол мамлекетке ишенбейлиби. Элди тынчтыкка чакырбайлыбы», — деди Кыдыкбаев.

Мындан сырткары, ал мамлекеттин чечимин колдоп берүүгө коллегаларын чакырды.

10-октябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети кыргыз-өзбек чек арасы, анын ичинде Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча эки тараптуу келишимдин долбоорун колдогон. Комитеттеги алты депутат макулдугун берип, төртөө каршы добуш берген.

Комитеттин төрагасы Чыңгыз Айдарбеков өзү документтерди көрмөйүнчө макулдук бербесин билдирсе, депутат Адахан Мадумаров жыйын регламентти одоно бузуу менен өтүп, долбоор боюнча материалдар берилбегенин белгилеп, чечим кабыл алуу мыйзамсыз деп чыгып кеткен.

Алдыда комитет колдогон келишимдин долбооруна Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттери кол коёт. Андан соң аталган келишимдин долбоору кайрадан Жогорку Кеңешке мыйзам долбоору катары ратификацияга келет.

Жогорку Кеңештин мыйзам долбоорун ратификациядан өткөрбөй, артка кайтарууга мүмкүнчүлүгү бар.

Равшан Жээнбеков: Кемпир-Абадды берип коюу ар депутат үчүн саясий өлүмгө тете

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM