Президент Садыр Жапаров эртең, 12-октябрда Казакстандын Астана шаарына барат жана бир катар жогорку деңгээлдеги эл аралык иш-чараларга катышат.
Жапаров 13-октябрда Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин 6-саммитине, 14-октябрда Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин президенттеринин кеңешинин жыйынына катышат.
Ошол эле күнү «Борбор Азия – Орусия» форматындагы 1-саммитке катышат.
Өлкө лидерлери Азия регионундагы коопсуздук жаатында кызматташуу, КМШ алкагында соода-инвестициялык өнөктөштүк, «Борбор Азия – Орусия» форматында өз ара аракеттенүүнүн келечегин талкуулашат.