Биз менен байланышыңыз

Алиевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапары башталды (сүрөт)

Кыска кабар | 11 Окт 2022 | 526 | 0

Бүгүн, 11-октябрда Азербайжандын президенти Ильхам Алиев Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келди. Аны «Манас» эл аралык аэропортунан президент Садыр Жапаров тосуп алды.

Аэропорттун флагштокторуна эки өлкөнүн мамлекеттик желектери илинип, килем төшөлүп, аны бойлото Ардак кароол тизилди. Эки мамлекеттин башчысына концерттик программа тартууланды.

Мамлекеттик сапардын алкагында Кыргызстан менен Азербайжандын лидерлери эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, мамлекеттер аралык кеңештин биринчи жыйынына катышат.

Мындан тышкары, «Кыргызстан-Азербайжан достугу» сейил багынын, ошондой эле Гейдар Алиев жана Низами Гянджеви  атындагы жалпы билим берүү мектептеринин ачылышы болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM