Биз менен байланышыңыз

УКМК: Сокулук райондук электр тармагынын кызматкери пара алууга шектелип кармалды

Кыска кабар | 11 Окт 2022 | 165 | 0

УКМК 7-октябрда Чүй облусунун Сокулук  райондук электр тармагынын (РЭТ) участкасынын башчысы Б.Э.О. пара катары акча каражатын алып жаткан учурунда кармалганын кабарлады.

Мурда А.А.С. аттуу жаран Сокулук  райондук электр тармагынын дарегине жергиликтүү тургундардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жаратып, анын аймагынан өткөн өзүнчө электр чубалгыларын жылдыруу өтүнүчү менен  кайрылган.

Бирок аталган РЭТ кызматкерлери ар кандай шылтоо менен оңдоо иштерин жүргүзүүдөн жана электр зымдарын өткөрүүдөн баш тартышкан. Натыйжада, жогорудагы маселени чечүү үчүн А.А.С. аталган жарандан опузалап 20 миң сом акча каражатын талап кылган.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгына арыз менен кайрылган жабырлануучу тарабынан пара талап кылуу фактысы боюнча кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган. 7-октябрда Сокулук райондук электр тармагынын аймактык башчысы Б.Э.О. 20 миң сом пара алып жаткан учурунда кармалды.

Азыркы учурда тиешелүү ыкчам-тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM