Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат Орусиянын Тышкы иштер министрлигине чакырылды. Анда элчи тышкы иштер министринин орун басары А.Ю. Руденко менен жолугушкан.
Бул тууралуу аталган өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин расмий сайтына жарыяланды.
10-октябрда болгон жолугушууда эки тараптуу мамилелердин актуалдуу маселелери, ЖККУ, КМШ алкагындагы өз ара аракеттенүү, Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин, ошондой эле «ЦА+РФ» саммитинин алкагындагы боло кызматташуу маселелери талкууланган.
Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги бул жолугушуу тууралуу азырынча маалымат бере элек.