Биз менен байланышыңыз

Төрөбаев кант кызылчасынын түшүмү жакшы болгонун билдирди

Кыска кабар | 11 Окт 2022 | 147 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Чүй-Токмок пунктунун кант кызылчасынын жаңы түшүмүн кабыл алууга даярдыгын текшерди.

Айыл чарба министрлигинин маалыматы боюнча, быйыл кант кызылчасынан жакшы түшүм алынышы күтүлүүдө, учурда аны жыйноо иштери уланууда. Фермердик чарбалар жыл аягына чейин 480 миц тоннага чейин түшүм жыйнап алуусу пландаштырылган.

Чүй-Токмок кызылча кабыл алуу пунктунун иши менен таанышуу учурунда Бакыт Төрөбаев кант кызылчасын ташууда республика ичиндеги темир жол каттамына 2016-жылдын деңгээлиндеги жеңилдетилген тарифти белгилөө чечими кабыл алынганын билдирди.

«Жогорку түшүмдүн аркасында ата мекендик кант заводдору 62 миң тоннадан ашык кумшекер өндүрүп, ички рыноктун керектөөсүн 50 пайызга камсыздайт. Ошол эле учурда дыйкандар жогорку түшүмдүүлүктү камсыздоо үчүн келечекте алгач пилоттук долбоорлордун алкагында айыл чарбасында заманбап технологияларды, анын ичинде нымдуулукту сактоо технологияларын активдүү колдонуусу зарыл», — деди ал.

«Кайыңды-Кант» жана «Кошой» акционердик коомдорунун өкүлдөрү кант кызылчасын темир жол аркылуу ташуу үчүн 5 жылдык мөөнөткө жеңилдетилген тарифтерди бекитүүнү сунушташты, бул дыйкандарга канттын түшүмдүүлүгүн 800 мин тоннага чейин жеткирүү максатында аталган өсүмдүктү айдоо аянттарын ишенимдүү кеңейтүүгө мүмкүндүк берет. Натыйжада кантты импорттоого байланыштуу тартыштык тобокелдигин жокко чыгарып, өлкөнүн кумшекерге болгон ички керектөөсүн 100 пайызга камсыздайт.

Жумушчу сапардын жыйынтыгында өлкөдөгү бардык дыйкан чарбалары салыктык башкарууну жакшыртуусу үчүн «Фермердин кабинети» тиркемеси түрүндөгү санариптик платформаны өнүктүрүү зарылчылыгы жөнүндө макулдашууга жетишилди.

Бүгүнкү күндө республикада 500 миңге жакын фермердик чарба бар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM