Connect with us

«Үч кемпир» тасмасынын режиссёру Касымалиева элден кечирим сурады

Билим-маданият , Коом | 10 Окт 2022 | 2873 | 0

Эки күн мурун YouTube каналына «Үч кемпир» аталышындагы тасма жарыяланган. Ал интернет колдонуучулар арасында кызуу талкууга алынып, карама-каршы пикирлерди пайда кылды. Тасманын сценаристи жана режиссёру: Кыргыз Республиканын эмгек сиңирген артисти Шайыр Касымалиева. Андагы башкы каарман Караматтын образы нааразы пикирлерди пайда кылганы үчүн тасма интернеттен алынды жана режиссёр элден кечирим сурады.

Социалдык тармактарда бул образ тууралуу карама-каршы пикирлер айтылып, көпчүлүгү «баткендик аялдар кыргыз-тажик чек арасындагы согуштан кан жутуп турган учурда мындай тасманын чыгышы — маскарлоо жана шылдыңдоо» деген пикирде болушту.

Социалдык тармактагы пикирлерге көз чаптырсак:

«Белгилүү актриса Шайыр Касымалиева баткендик 58 жаштагы аялдын ролун аткарган «Үч кемпир» тасмасы бүгүн жарыкка чыкты. Мында мен баткендиктерди «сартташтырган» эпизоддорго күбө болдум. Ашыкча жапайы, жүдөгөн, маданиятсыз калк кылып көрсөткөнүн байкадым. Чынында аягына чейин көрүүгө көңүл тартпады. Сиздер да көрүп, жаккан болсо лайк, жакпаса дизлайк басып кетиңиздер».

«Тескерисинче, өтө жаман кабыл алдык. Антип даңазалабай эле койсо болмок. Келип жашагылачы Баткенге!»

«Тилекке каршы, эки актёр тең кыргыз эл артисти, атактуу Кыргыздрам театрынын артисттери. Экөө тартылган тасманы көрсөк, баткендиктерди ашыкча шылдыңдап, маскаралаптыр!»

Ал эми журналист Тургунбай Алдакуловдун пикиринде, бул образ аркылуу элеттеги аялдардын турмуш-шарты оор экенин түшүнүүгө болот. Ал аталган тасмадан мынчалык ызы-чуу жаратуунун кажети жок деген ойдо.

«Фильмдин үзүндүсүн көрдүм. Толук вариантын көргөн жокмун. Ал кинодо кандай идея бар экени толук түшүнүксүз болуп калды. Бирок ошол эпизоддо элетте, Баткен сыяктуу четте жашаган аялдардын турмуш-шарты оор, саламаттыгы начар деген сыяктуу маанини түшүндүм. Ал нерсени жүрөккө жакын алып, чоң трагедия кылуунун кажети жок го деп ойлойм. Биз ушундай эмеспиз деп, актаныштын кереги жок. Баткендин аялзатына айтат элем, актануунун кереги жок. Ансыз деле андай эмесин билебиз».

Драматург, театр сынчысы Жаныш Кулманбетов тасманы толук көрүп, түшүнүп анализ кылуу керектигин айтат. Бир эпизод аркылуу толук түшүнбөй туруп, ар кандай пикирлерди айтуу туура эмес деп эсептейт.

«Фильмди толук көрүү керек. Бир эпизод аркылуу бүтүндөй киного баа берүү туура эмес. Ал кинонун максаты, ою башкадыр. Бул кино Баткен окуясы боло электе эле иштелип чыккан болчу. Бул тууралуу автор кечээ өзү маек бериптир. Кинонун ой-максатын түшүнүп, бүтүндөй фильмди көрүп, анан тыянак чыгаруу керек. Кимдир бирөөлөр ошол үзүндүсүн алып туруп, интернетке чыгарып жибериптир. Ошонун айынан ызы-чуу жаралып кетти».

«Үч кемпир» тасмасы боюнча Баткен облусунун жетекчиси Абдикарим Алимбаев да кайрылуу жасап, апалардан кечирим суроосун талап кылган.

Ал эми актриса Шайыр Касымалиева башкы каарман Караматтын образын жүдөө зайып катары көрсөткөнү одоно ката экенин моюндап, Баткен элинен кечирим сурады.

«Жалпы кыргыз элимден, айрыкча Баткен элинен кечирим сурайм. Мен өзүм кылган катачылыгымды сездим. Баш каарман Караматты өтө эле картайтып жибергенибиз үчүн, анын сырткы келбетин жүдөө кылып койгонубуз үчүн кечирим сурайм!»

Кинорежиссёр Темир Бирназаров өлкөдө кино таруу боюнча эч кандай талаптар жок экенин айтат. Режиссёрлор акчасына карап каалаган киносун тарта беришет.

«Азыр сөз эркиндиги, базар экономикасы бар. Мындан сырткары капиталисттик системада жашап жатабыз. Ким эмне кылса өзү билет: өзүнүн акчасы, өзүнүн каражаты. Эгер мамлекет тарабынан тартыла турган болсо, атайын көркөм кеңеш бар. Алар карап, сценарийин кабыл алат. Биздин менталитетке туура келеби, идеологияга туура келеби, улут арасында чатак жаратпайбы жана башка ушул сыяктуу нерселерди карап туруп, кеңешке салынат».

Катуу сын-пикирлерден кийин YouTube каналынан «Үч кемпир» аталышындагы тасма кайрадан өчүрүлдү.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM