Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча өкмөттөр аралык келишимдин долбоору талкууланууда

Кыска кабар | 10 Окт 2022 | 361 | 0

Бүгүн, 10-октябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча өкмөттөр аралык жаңы келишимдин долбоорун талкууланууда.

Жыйын алгач жабык болуп, кийин көпчүлүктүн талабы менен Жогорку Кеңштин Ютуб каналынан көрсөтө баштаган. Бирок УКМКнын видео камерасынан башка журналистердин камералары киргизилген эмес.

Депутат Адахан Мадумаров комитетке келишимдин долбоорлору 3 күн мурда депутаттарга берилиши керектигин белгилеп, регламент бузуулуу менен өтүп жатканын билдирди.

Комитеттин төрагасы Чыңгыз Айдарбеков келишимдин долбоору комитетке бүгүн гана келип түшкөнүн белгилеп, бүгүн долбоор боюнча чечим кабыл алынбай тургандыгын айтты.

Жыйынга УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, бир катар саясатчылар жана депутаттар катышууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM