Биз менен байланышыңыз

10-октябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 9 Окт 2022 | 520 | 0

Эртең, 10-октябрда түнкүсүн жана күндүз Ысык-Көл, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында, тоо этектеринде жаан жаап, тоолорго кар түшөт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +2…+7, күндүз +15…+20,

Талас облусунда түнкүсүн -1…+4 күндүз +14…+19,

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +5…+10, күндүз +20…+25,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +12…+17,

Нарында түнкүсүн -1…+4, күндүз +13…+18,

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +5…+7, күндүз +16…+18 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM