Биз менен байланышыңыз

БУУ: Украинадан 13 миллиондон ашуун адам чыгып кетти

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Окт 2022 | 349 | 0

Орусиянын баскынчылыгы менен согуш башталгандан бери Украинадан 13 миллион 736 миң 198 адам коопсуз жактарга баш калкалоо үчүн чыгып кетти. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар иштери боюнча Жогорку Комиссарынын башкармалыгынын сайтында маалымдалды.

Маалыматка ылайык, Польшага 6,6 миллиондон ашык адам, Орусияга – 2,8 миллиондон ашык, Венгрияга – 1,5 миллиондон ашык, Румынияга – 1,2 миллиондон ашык, Словакияга – 836 миңден ашык, Молдавияга – 644 миң, Беларусияга – 16 миң 705 адам көчүп кеткен.

2021-жылы Украинанын калкы (Крымды кошпогондо) 2022-жылдын 1-январына карата 41 миллион 167,3 миң адамды түзгөн.

Орусиянын Украинага болгон чабуулу 24-февралда Владимир Путиндин аскердик операция башталганын жарыялагандан тарта уланууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM