Биз менен байланышыңыз

Президент: Мен бийликте канча олтурсам, Ташиев дагы ошончо олтурат

Кыска кабар | 9 Окт 2022 | 722 | 0

Президент Садыр Жапаров Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттигине чакан маек куруп, анда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев экөөнү акыркы убакта кеп кылгандар көп болуп, “экөө бийлик талашып жатат” деген сөздөр социалдык тармактарда көп жазылып жатканы боюнча комментарий берди.

“Биринчиден, экөөбүз эч качан урушпайбыз. Урушканга мен жол бербейм.

Экинчиден, «бийлик талашып атат» деген калп сөз. Мен кандай буйрук берсем, дал ошондой кыйшаюусуз аткарат. Анткени мен жеке кызыкчылыгым үчүн кандайдыр бир иш жөнүндө буйрук бербейм. Бир гана мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн болот.

Үчүнчүдөн, экөөбүздү уруштура албай эки жылдан бери түн уйкусу жок иштеп жаткан топтор бар. Баарын билебиз. Алар «Ташиев кадр чечип атат. Ташиев президент болгусу келип атат» дей беришсе эле мен аларга ишенип, кызганып Ташиевди кызматтан ала коймок белем. Мен бийликте канча олтурсам, Ташиев дагы ошончо олтурат. Эң негизгиси мамлекеттин, элдин кызыкчылыгына каршы келген иштерди жасабасак болду”, — деди ал.

Copyright © 2017 Maral FM