Биз менен байланышыңыз

КМШнын президенттери: кимиси канча жашта?

Блог | 7 Окт 2022 | 1656 | 0

Орусияны 2000-жылдан бери башкарып келе жаткан Владимир Путин бүгүн 70 жашта. Анын юбилейин утурлай, бүгүн Санкт-Петербургда КМШ лидерлеринин бейформал саммити өтүүдө.

Бул саамалыкка катышуу үчүн КМШнын бардык президенттери чакырылган. Бирок, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жумуш графигинин тыгыздыгына байланыштуу саммитке катышпай турганы белгилүү болду. Владимир Путинди юбилейи менен куттуктоо үчүн Кыргызстандын атынан мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов барат.

Ал эми Борбор Азиянын президенттеринин ичинен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев кечээ, түнү Санкт-Петербург шаарына учуп барды. Ал Путиндин туулган күнүндө ага Өзбекстандын жогорку даражадагы «Достук» орденин тапшырды. Бейформал саммитке Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон да катышат. Ага Орусия президенти мындан бир канча күн мурун жарыялаган «Ата-Мекенге кылган кызматы үчүн» орденин саммиттин алкагында тапшыра турганы белгилүү болду.

Саммитке Беларусь президенти Александр Лукашенко да келе турганы айтылган.

Путиндин юбилейин утурлай КМШ өлкө башчыларынын канча жашта экенине көз чаптырдык.

 

Молдованын президенти Майя Санду — 50 жашта. Ал 2020-жылы, 24-декабрда расмий түрдө кызматына киришкен.

Азербайжандын президенти Илхам Алиев — учурда 60 жашта (декабрь айында 61ге чыгат). Ал 2003-жылдан бери президенттик кызматта.

 

Кыргызстандын өлкө башчысы Садыр Жапаров — учурда 53 жашта (декабрь айында 54кө чыгат). Жапаров Кыргызстандын 6-президенти. 2020-жылы бийликке келген.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев — 65 жашта. Ал 2016-жылы бийликке келген.

Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов — 41 жашта. Азия чөлкөмүндөгү эң жаш өлкө башчылардын бири болуп саналат.

Беларусиянын президенти Александр Лукашенко — 68 жашта. Ал 28 жылдан бери бийликте.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев — 69 жашта. Токаев 2019-жылы бийликке келген.

Армениянын президенти Ваанг Хачатурян— 63 жашта. Ал ушул жылдын 13-мартында шайланган. Армения парламенттик башкаруу системасында болгондуктан, президентти парламент шайлайт.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон — 70 жашта. Ал Тажикстанды 1994-жылдан бери башкарып келет.

[ФОТО] Путиндин AURUS SENAT лимузини тууралуу кызыктуу фактылар

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM