Connect with us

Путинди куттуктоо үчүн Орусияга Сүйүнбек Касмамбетов барат

Кыска кабар | 7 Окт 2022 | 477 | 0

Иш графигине байланыштуу президент Садыр Жапаров Санкт-Петербургдагы КМШнын бейформал саммитине катышпайт. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Фейсбук баракчасына жазды.

Анын айтымында, Орусиянын президенти Владимир Путиндин 70 жылдыгына байланыштуу президенттин куттуктоосун жеткирүү үчүн Кыргызстандан Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов жөнөтүлдү.

Бүгүн, 7-октябрда Санкт-Петербургда КМШ өлкөлөрүнүн лидерлеринин бейформал саммити өтөт. Анда уюмдун алкагында өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулоо, ошондой эле Орусия жана Тажикстандын президенттеринин юбилейлерин белгилөө пландалууда.

Ушул саммитте тажик президенти Эмомали Рахмонго аймактык туруктуулукту жана коопсуздукту камсыз кылгандыгы үчүн сыйлык тапшырылат. Орусия президенти Владимир Путин Эмомали Рахмонду 4-октябрда «Мекенге сиңирген эмгеги үчүн» III даражадагы ордени менен сыйлаган.

Быйыл 14-17-сентябрда Тажикстандын Кыргызстанга карата жасаган куралдуу агрессиясынын кесепетинен Баткен облусундагы  жана Ош облусунун Чоң-Алай районундагы чек аралык, жарандык объектилер кыйраган.

140 миңге жакын кыргызстандык чек арага жакын калктуу конуштардан эвакуацияланган.

Куралдуу кагылыштан 63 кыргызстандык, анын ичинде аскер кызматкерлери жана жай тургундар мерт болуп, 200гө жакын киши жараат алды.

Былтыр апрель-майдагы куралдуу кагылышта 36 киши жаран кеткен.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM