Биз менен байланышыңыз

БУУнун өкүлчүлүгү Баткенге жардам берүүгө даярдыгын билдирди

Кыска кабар | 6 Окт 2022 | 552 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 6-октябрда БУУнун Кыргызстандагы жаңы дайындалган туруктуу координатору Антье Гравени кабыл алды.

БУУнун өкүлү президентке ишеним грамотасын тапшырды. Жапаров аны бул кызматка дайындалышы менен куттуктап, эгемендүүлүккө ээ болгондон тарта өлкөгө көрсөтүп келе жаткан жардамы үчүн БУУнун Кыргызстандагы тутумуна ыраазычылык билдирди.

Садыр Жапаров Кыргызстан менен БУУнун агенттиктери ортосундагы кызматташуунун деңгээли жогору экенин белгилеп, Кыргызстан уюмдун уставында бекитилген принциптерди карманып келгенин жана мындан ары да жактоого даяр экенин белгиледи.

БУУнун өкүлү 2021-жылдын 16-декабрында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясынын алкагында кабыл алынган Кыргызстандын 2022-жылды «Тоолорду туруктуу өнүктүрүүнүн эл аралык жылы» деп жарыялоо, 2022-жылды Кыргызстанда «Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук» жылы деп жарыялоо жана «Жашыл Мурас» улуттук бак-дарак отургузуу өнөктүгү боюнча демилгелерине жогору баа берди.

БУУ Садыр Жапаровдун жетекчилиги астындагы өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн реформаларын жана программаларын алдыга жылдырууну колдоорун ырастады.

Мындан тышкары, жолугушууда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы жагдай тууралуу сөз болуп, БУУнун өкүлчүлүгү Баткен облусунун жапа чеккен райондоруна зарыл жана тез арадагы жардам көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

«Төрт үй-бүлө бир жерде жашап жатабыз». Ара жолдо калган тургундардын абалы

Copyright © 2017 Maral FM