Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров Дүйнөлүк банктын өкүлүн кабыл алды

Кыска кабар | 5 Окт 2022 | 204 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-октябрда Дүйнөлүк банктын Операциялык иш-чаралар боюнча башкаруучу директору Аксель Ван Троценбург башында турган Дүйнөлүк банктын делегациясын кабыл алды. 

Өнөктөштүктүн артыкчылыктуу багыттары жана Кыргызстан менен Дүйнөлүк банктын жакынкы жылдардагы кызматташуусунун келечеги боюнча пикир алмашуу болду.

Кызматташтык түптөлгөнүнө 30 жыл болгонун белгилеп, Садыр Жапаров Дүйнөлүк банк менен мындан аркы тыгыз, жемиштүү өз ара аракеттенүүгө бекем ишенимин билдирди.

Мамлекет башчысы Тажикстандын Кыргызстанга куралдуу агрессиясына байланыштуу соңку окуялар Баткен облусунун жарандык жана социалдык инфраструктурасынын ири кыйроолоруна алып келгенине өзгөчө көңүл бурду.

Аксель Ван Троценбург белгилегендей, учурда Кыргызстан менен Дүйнөлүк банктын ортосунда орто мөөнөттүү мезгилге жаңы Алкактык өнөктөштүк программасын иштеп чыгуу боюнча иштер жүрүп жатат.

Ал бул иштин алкагында Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү Кыргызстандын тиешелүү мамлекеттик органдары менен тыгыз кызматташууга даяр экенине ишендирди.

Жолугушууда энергетика жана социалдык өнүктүрүү тармагындагы долбоорлор боюнча келишимдерге кол коюлду.

Документке кыргыз тараптан каржы министри Алмаз Бакетаев, Дүйнөлүк банктан Борбордук Азия боюнча регионалдык директору Татьяна Проскурякова кол койду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM