Биз менен байланышыңыз

Нурлан Шакиев Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланды

Кыска кабар | 5 Окт 2022 | 1231 | 0

Нурлан Шакиев Жогорку Кеңешке төрага болду.

Төрагалык орунга ал жалгыз талапкер катары көрсөтүлгөн.

Жыйындын жүрүшүндө алгач 8 депутаттан турган эсептөө комиссиясы түзүлдү. Андан кийин талапкерлерге суроолор берилип, жооптор алынган соң, жашыруун добуш берүүгө өтүштү.

Жыйынтыгында добуш берген 87 депутаттын 80 добушун алган Нурлан Шакиев төрагалыкка шайланды. Ал эми 6 депутат каршы добуш берген. Бир бюллетень жараксыз болгон.

Жогорку Кеңешке өткөн жылдын 29-декабрында төрага болгон Талант Мамытовдун бүгүн кызматын өз каалоосу менен тапшырды. Ал өз кайрылуусунда парламентти башкарып турган учурунда өлкө үчүн бир катар маанилүү чечимдер кабыл алынгандыгын белгиледи. Ошондой эле ал кызматынан кетишине чек ара маселеси боюнча жабык жыйындагы чуу себеп болгонун айтты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM