Биз менен байланышыңыз

Төрөбаев: Буудайдын түшүмү салыштырмалуу эки эсе өстү

Кыска кабар | 5 Окт 2022 | 336 | 0

Үстүбүздөгү жылы айыл чарбасын өнүктүрүүгө 26 миллиард сом, анын ичинде кластердик каржылоого 10 млрд сом бөлүнгөн.

Ирригацияга 1,7 млрд сом, сапаттуу үрөн сатып алууга 1,5 млрд сом бөлүнгөн. Жер семирткичтерди сатып алууга 1 млрд сом, айыл чарба техникаларын лизингге берүүгө кошумча 271 млн сом бөлүнгөн.

Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн жыйноо маселеси боюнча өткөргөн жыйында айтты.

Учурда эгиндерди жыйноо иштери аяктады. Алдын ала маалыматтар боюнча, буудайдын орточо түшүмдүүлүгү 27,7 центнерди түзүп, былтыркыга салыштырмалуу түшүмдүүлүк эки эсе өскөн. Республика боюнча 233,7 миң гектарда буудай (99,8%) жыйылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM