Биз менен байланышыңыз

Иманкулов ЖККУнун Башкы катчысы менен аймактык коопсуздук маселелерин талкуулады

Кыска кабар | 4 Окт 2022 | 131 | 0

Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов бүгүн, 4-октябрда Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Башкы катчысы Станислав Зась менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө регионалдык коопсуздукту камсыз кылуу, учурдагы жана жаңы чакырыктарга жана коркунучтарга натыйжалуу реакция кылуу маселелери, ошондой эле ЖККУнун учурдагы практикалык ишмердүүлүгү боюнча пикир алмашуу болду.

Кыргыз-тажик чек арасындагы актуалдуу кырдаал жана аны жөнгө салуунун келечеги талкууланды.

Марат Иманкулов Кыргызстандын ыйгарым укуктуу органдары мурдагыдай эле ЖККУнун потенциалын жана беделин чыңдоого конструктивдүү жана активдүү салым кошууга даяр экенин билдирди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM